Пробация кеңешинин ишинин алкагында 180 адамга жардам көрсөтүлдү

 Пробация кеңешинин ишинин алкагында 180 адамга жардам көрсөтүлдү
Ленин районунда пробация кеңешинин жумушчу жыйыны болуп өттү. Пробация кеңешинин мүчөлөрү Ленин райондук пробация бөлүмүнүн башчысынын 2022-жылдын 3-кварталында аткарылган иштер боюнча маалыматын угушту, ошондой эле Пробация кеңешинин 2022-жылдын 4-кварталындагы ишинин аткарылышы боюнча маселелерди талкуулашты.
Жыл башынан бери муниципалдык администрация Ленин райондук пробация бөлүмү менен биргеликте 2022-жылга карата иш планын бекиткен. Пландын алкагында 350 адамга социалдык, юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп, ишке орношуу мүмкүнчүлүгү, укук белгилөөчү документтерди каттоого жана калыбына келтирүүгө көмөктөшкөн, анын ичинен: эркектер – 297, аялдар – 45, жашы жете электерге – 8 адам. Ал эми 9 ай ичинде 180 пробация кардарларына жардам көрсөтүлуп, каттодон чыгарылган.
Пробация – соттолгон адам сот тарабынан белгиленген сыноо мөөнөтүнө атайын органдардын көзөмөлүнө коюлуучу шарттуу жазанын түрү. Пробация төмөнкүдөй каралышы мүмкүн: кылмыш жазасынын бир түрү; альтернативдик жазаны аткаруу системасы; кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чара; соттолгон адамды түзөтүү процесси; коомдук-укуктук контролдун формасы. Пробация тергөөдө жаткан адамдын же соттолгон адамдын жүрүм-турумун көзөмөлдөөдөн, ага сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан, анын жүрүм-турумун оңдоодон, коомго адаптациялоого көмөк көрсөтүүдөн жана анын кайталанма кылмыштарды жасоосуна бөгөт коюудан турат.

Связанный пост