Президенттин Иш башкармалыгы курган жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөргөн объекттер 100дөн ашты

Президенттин Иш башкармалыгы курган жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөргөн объекттер 100дөн ашты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы Каныбек Туманбаев президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалганга чейин бул мекеме тейлөөчү гана кызмат катары кабылданып келген. Бирок президент Садыр Жапаров ишеним артып, колдоо көрсөткөн соң аталган мекеме чыныгы мамлекеттик механизмге айланды.
Президенттин Иш башкармалыгы тарабынан үч жыл ичинде ондогон курулуштардын, реформалардын, санариптик өзгөрүүлөрдүн жана финансылык туруктуулуктун негизги аткаруучусу болду. Жыйынтыктар сөз менен эмес, иш менен далилденди.
“Президенттик администрациясынын жаңы имараты — “Ынтымак Ордо” —президенттин Иш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылган ири мамлекеттик долбоорлордун бири болуп калды. Имарат кыска мөөнөттө курулду. Үч жыл ичинде президенттин тапшырмасынын негизинде 100дөн ашык объект курулуп же капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Алардын арасында оорукана, мектеп, спорт залдар, маданий жайлар, мамлекеттик мекемелер жана реабилитациялык борборлор бар.
Бишкекте 51 миң орундуу улуттук стадиондун курулушу жүрүп жатат. Президент Садыр Жапаров өзү баштаган бул долбоор — келечек муундар үчүн маанилүү белек болуп калат. Мамлекеттик ипотекалык программа алкагында 62 миң батирдин курулушу башталып, бүгүнкү күндө 3 миңден ашык үй-бүлө өз үйүнө ээ болду. 20 жылдан бери токтоп турган Улуттук банктын имараты дагы соңуна чыгып калды”, – деди ал.
Ошондой эле Дайырбек Орунбеков жаңы эс алуу аймактары, сейил бактар курулуп, жарандар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрө калыптанып жатканын белгиледи.
“Мындай өзгөрүүлөрдүн ачык мисалы — “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркындагы жаңылануу. Бул жерде экотропалар, амфитеатр, санариптик тейлөө, жаңы эс алуу зонасы курулуп, парк заманбап форматта элге кайтарылды”, – деп кошумчалады ал.
Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкармалыгынын 2021-жылы кирешеси 586,7 млн сом болсо, 2024-жылы — 8,3 млрд сомго жетти. 2025-жылга бул көрсөткүчтү 11,1 млрд сомго жеткирүү пландалууда. Жыл башынан бери 4,1 млрд сом түшкөн.