Президент Садыр Жапаров: “Кыргыз эли улуттук руху менен күчтүү”

 Президент Садыр Жапаров: “Кыргыз эли улуттук руху менен күчтүү”

“Кыргыз эли улуттук руху менен күчтүү. Биз – ириде тарыхы бай, эне тили көркөм, деми күчтүү, нарк билги, эркиндикти туу туткан эгемендүү элбиз”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүү боюнча салтанаттуу аземдеги куттуктоо сөзүндө.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Кутман күнүңүздөр менен кымбаттуу кыргызстандыктар!

Алыс-жакында жүрсө дагы жүрөгү Ата Мекен, Ата Журт, Ата Конуш деп соккон урматтуу мекендештер!

Ырыстуу кыргыз калкыбыздын көз карандысыздык майрамына ортоктош болуп жаткан кадырлуу меймандар!

Сиздерди ата-бабаларыбыздын кыялы, элибиздин эңсеп жеткен бактысы болгон, эгемендүү Кыргыз мамлекети түзүлгөндүгүн дүйнө жүзүнө жар салган улуттун улуу күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!

Биздин эң башкы байлыгыбыз – эгемен мамлекетибиз, эгемен элибиз. Мындан өткөн байлык да, бакыт да жок!

Биз быйыл эгемендүүлүктүн 31 жылдыгын берекелүү Сары-Өзөн – Чүй өрөөнүндөгү кереметтүү Чуңкурчак жайлоосунда салтанаттуу белгилеп, 31 метрлик туубузду тоо башына көкөлөтүп жатабыз! Кызыл туубуз кылымдарды карыткан тарыхта дагы, азыркы жашап жаткан заманыбызда дагы биримдиктин, ынтымактын тиреги болуп келди.

Кыргызда ар дайым ийгиликке, жеңишке жетишкенде туусун бийик көтөрүп, ага таазим кылып келген. Байрагыбыз бийик желбиреп турса, элибиздин Мекенге болгон сүйүү жана атуулдук сезими артылат. Себеби атуулдук ариетибиз да, ар-намысыбыз да кызыл туубуз менен бир катарда турат.

Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда, бүгүнкүдөй чоң салтанаттын коштоосунда өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар. Мындай кадам өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элибизди ынтымагын арттырат, биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт.

Албетте, 3000 жылдан ашкан тарыхыбызда 31 жыл бир көз ирмемдей эле мезгил. Узак тарыхыбызда кээде жылдызыбыз жанып, улуу каганат куруп көккө сермелдик.

Кээде эркиндигибизди алдырып, чачырап кете жаздаган, азып-тозгон абалды башыбыздан кечирдик. Айтор, тарыхтын эчендеген сыноолоруна кабылдык.

Ошентсе да карт тарыхта кыргыз менен үзөңгүлөш жашаган далай элдер бүгүн жок, алардын аталыштары гана тарых беттеринде калды.

Эгемендик бактысына ар убак эркиндикти туу тутуп, тынымсыз күрөшүп келген намыстуу эл гана татыктуу!

Көкүрөгүбүзгө сыймык уялап турган ушул күнү Кыргызстандын эркиндигин эңсеп-тилеп, ал үчүн жан аянбай тынымсыз күрөшүп келген ата-бабаларыбыздын эрдигин жана элесин эстен чыгарбайбыз!

Ар дайым эгемендигибизди туу тутуп, эл-жерибиздин көз карандысыздыгы үчүн канын, жанын аябай күрөшкөн Байтик баатыр сыяктуу ата-бабаларыбызды эскерүү, алардын Ата Журтка кылган кызматын кийинки муундарга чып-чыргасын коротпой жеткирүү мойнубуздагы ыйык парзыбыз!

Себеби биздин баатыр ата-бабаларыбыз элдин, мамлекеттин уюткусу катары мамлекеттүүлүктүн, эгемендиктин маани-маңызын аңдап-сезип, тарых агымына баам салып, жети өлчөп, бир кесип отуруп келечек муун үчүн, тагыраак айтканда, мына бүгүнкү күн үчүн кам көрүшкөн.

Дегеле 3 миң жылдан ашуун терең тарыхты бизге калтырып кеткен ата-бабаларыбыздын рухуна дайыма таазим кылабыз!

Связанный пост