Саясат

Президент Садыр Жапаров биринчи чет элдик иш сапары менен Россия Федерациясына кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, биринчи чет элдик иш сапары менен Россия Федерациясына кетти. Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн өз ара натыйжалуу байланышын өнүктүрүү келечегин талкуулашат. Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысынын Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын Төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган. Мындан тышкары, Россиянын бизнес-коомчулугу, ошондой эле Россиядагы мекендештер жана студенттер менен жолугушуу күтүлүүдө.

Поделиться

Жаңылыктар

Садыр Жапаров Рустам Минниханов менен жолугушту

admineltr

А. Cегизбаевдин баш коргоо чарасы өзгөргөн жок

admineltr

УКМК: КР атайын кызматынын жалган кызматкери аныкталды

admineltr