Президент өлкө боюнча 70 Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорун ишке киргизди

 Президент өлкө боюнча 70 Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорун ишке киргизди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорун ишке киргизүүгө старт берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы БШК базасындагы бишкектик Борбордун биринде болуп, анда онлайн режимде аталган масштабдуу долбоорду ишке киргизүү болду.

Садыр Жапаров окуу залын көрүп, аталган долбоордун алкагында билим берүү программаларын окуп жаткан студенттер менен баарлашып, Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш-чаранын алкагында билим берүү программалары өтүп жаткан өлкө боюнча китепканалардын жана жаштар борборлорунун базасындагы 70 борбор менен түз байланыш уюштурулду.

Долбоордун катышуучулары – аймактардын тургундары жеринде президент Садыр Жапаров менен онлайн режимде учурашып, бул борборлордун облустарда иштөөсүнүн келечеги тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле АКШдагы Борбордук Азиялык IT форумуна катышып жаткан кыргызстандык IT делегациясы менен түз байланыш уюштурулду. Ал жакта мекендештер Кыргызстандын IT имиджин илгерилетип, ата мекендик IT тармагына инвестиция тартууда.

Чогулгандарды бул маанилүү окуя менен куттуктап, Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө борборлорду түзүү жарандык жана санариптик билим берүүнү системалаштырууга, жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүнүн ар кандай программаларын туруктуу негизде ишке ашырууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Мындан тышкары, бул өзгөчө, алыскы райондордогу жашоочуларга билим берүү программаларынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, электрондук тейлөөлөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Билим берүү ишмердүүлүгүнө жарандык билим берүү программаларын киргизүү пландаштырылууда. Алар: “КР жараны жана шайлоолор”, “КР саясий системасы”, “КР шайлоо процесси”, “Кыргызстандын тарыхы”, “Экология жана укук” жана башкалар.

Ошондой эле, компьютердин баштапкы көндүмдөрү, өз алдынча билим алуу жана өзүн өнүктүрүү үчүн интернет ресурстарын кантип колдонуу керек, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталын кантип колдонуу керек, SEO (сайтыңызды кантип илгерилетсе болот), SMM (жарнамалык көндүмдөрдүн мониторинги), графикалык дизайн сыяктуу жана башка санариптик билим берүү программалары.

Иш-чаралардын форматтары окутуу курстарын (онлайн/офлайн), тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, тегерек столдорду, дебат клубун, аялдар клубун ж.б. өткөрүүнү камтыйт.

Бул социалдык долбоор президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин колдоосу менен өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылууда.

Связанный пост