Баткенде кыргыз-өзбек ишкерлеринин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн 11-апрелде Баткен облусунун Кадамжай шаарында Өзбек Республикасынын Фергана облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлери менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлери ортосунда жолугушуу өтүүдө. Иш чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун […]Читать далее
Ош шаарына муниципалдык кызматтарды санариптештирүү жаатында эстониялык эксперттер келишти. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Бүгүн, 11-апрелде Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Таллин (Эстония) шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда тараптар санариптештирүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Мында ар бир тарап презентация форматында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды санариптештирүү, санариптик системаларды […]Читать далее
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, катуу бороондон улам жолдо кар күрткүсү пайда болду. Жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Тазалоо иштери 214-227-чакырым аралыгында жүрүүдө. Бороон басылаар менен жолдогу абал калыбына келтирип, бардык тарапка каттам […]Читать далее
Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен Баткен районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу КРнын УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Баткен РИИБ менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 35 миң АКШ доллары (3 059 700 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын берип […]Читать далее
Бүгүн, 11-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелеринен кабар алды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти. Алгач Төрага депутат Дастанбек Бекешевдин, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун коштоосунда Көк-Жар конушунда жайгашкан №103 Низами […]Читать далее
Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча Вице-президенти менен
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына (Америка Кошмо Штаттары) болгон иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча Вице-президенти Мамта Мурти менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында экономика, банк, билим берүү жана социалдык өнүктүрүү жана санариптештирүү тармактарында учурдагы жана пландалып жаткан долбоорлордун абалын талкуулашты. […]Читать далее
2023-жылдын 10-11-апрелинде Ош шаарында жана Баткен, Ош облустарында балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча жолугушуулар өттү. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга билим берүү жана илим министрлигинин Тарбия иштери боюнча секторунун жетектөөчү адиси Индира Токонова, КР Президентинин Баткен, Ош облустарындагы өкүлдөрүнүн орун басарлары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын […]Читать далее
Өлкөдө айыл чарба малдарды идентификациялоо уланууда. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба министрлигинин сайтында маалымдалды. 2023– жылдын I – кварталына карата республика боюнча 143,5 миң баш ири мүйүздүү мал, 0,8 миң баш чочко, 542,1 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына каттоого алынууда. Мурун асыл-тукум кой-эчки чарбаларын идентификациядан өткөрүп келген болсок, 2023–жылы республика […]Читать далее
“Кыргызиндустрия” ААКнын делегациясы 2023-жылдын 4-6-апрелинде “Жаңы дүйнө. Жаңы индустриализация” деген темада Россиянын Москва шаарында өткөн Жетинчи экономикалык форумга катышып келишти. Делегаттар бул иш-чаранын алкагында: жаңы индустриализациянын өнүгүүсү, көп уюлдуу дүйнөнүн шартында экономикалык байланыштарды түзүү боюнча маселелерди талкуулашты. Иш-чаранын уюштуруучулары талкууга ЕАЭБ шартында эл аралык экономикалык байланыштар жана экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелерди коюшту. “Кыргызиндустрия” […]Читать далее
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант-Ивановка перегонунда эскилиги жеткен жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарга толук алмаштыруу боюнча жолду күчөтүлгөн орточо оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу “Кыргыз темил жол” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан 4 чакырым алмаштырылат, 2 чакырымда жумуштар бүткөн. Бул аптада жумуштун 75% бүтөт. Жумушка 100дөн ашык жумушчу жана 3 инженердик техника тартылган. Иш-чара […]Читать далее