2023-жылдын 2-майынан 6-майына чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, жаан жана тоолуу аймактарда кар жаайт. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды айрыкча мал жаюу үчүн тоого чыгууга жана эс алууну токтотуп турууга чакырат. Бул кундөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү […]Читать далее
Бүгүн, 3-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматованы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Алсак, аталган сунушту Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети карап, колдогон. Жыйынтыгында сунушка […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тиешелүү мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин өкүлдөрү менен тышкы эмгек миграциясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбызды укуктук жактан колдоо, алардын эмгек шарттарын жакшыртуу жана мыйзамдуу ишке орноштуруу маселелери каралды. Эмгек жана […]Читать далее
2023-жылы фитир-садака жыйноодо өлкө боюнча 53 млн, 824 миң 441 сом топтолду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Анын 657 миң 881 сому РСК, 900 557 сому Мбанк аркылуу жыйналды. Бул боюнча БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдинов билдирди. Фитир-садакадан топтолгон каражаттын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерге (т.а. 30 млн 681миң 082 сом), 15 пайызы хатибияттарга […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо максатында республиканын ооруканаларына бөйрөктүн курч жетишсиздиги менен ооругандарды, анын ичинде COVID-19дан кийинки татаалдашуунун себебинен өөрчүгөн бөйрөк ооруларын дарылоо үчүн сууну тазалоо системасы бар 15 көчмө гемодиализ аппаратын орнотту. Бул аппараттар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында сатылып алынган, анын максаты COVID-19 коркунучун […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы 2023-жылдын 1-майынан 15-майына чейин «Шаардагы бак-дарактарды илдеттерге жана зыянкечтерге каршы комплекстүү дары-дармек менен дарылоо» программасынын негизде иш алып барууда. Бак-дарактар шаарыбыздын экосистемасынын ажырагыс бөлүгү болгондуктан, сейил бактарда эс алуу үчүн кооз, көлөкөлүү аймактарды түзүп гана тим болбостон, таза аба менен да камсыз кылуу, алардын иммунитетин сактоо жана аярлоо биздин […]Читать далее
Кыргызстандагы ИТ-тармагындагы эң масштабдуу иш чара – Кыргызстандын маалымат технологиялар форуму (КМТ)-2023 жана алгачкы Интернетти башкаруу боюнча Кыргызстандын форуму болуп өттү. Бул масштабдуу форумга Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын Ленин көчөсү менен Мамажан көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, эскилиги жеткен жарнамаларды Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак жана дизайн бөлүмү, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу бөлүмү менен биргеликте алуу жана тартипке салуу иштери аткарылды. Бул тууралуү Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Ошондой эле, соода жайларынын жана имараттарынын сыртындагы жарнак объекттеринин ар […]Читать далее
Кыргыз элинин баа жеткис мурасы “Манас” эпосунун үчилтигин “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун ар тараптан изилдөө боюнча иш чаралар планына ылайык жана президенттин “Улуттук нарк” жөнүндө жарлыгына ылайык өлкө аймагындагы мектеп окуучулары арасында “Урааным Манас” кароо-сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Республикалык сынактын алкагында бүгүн Нарын шаарында 300 окуучу Манас […]Читать далее
Кыргызстанда бир жумада, 25-апрелден 1-майга чейин, СOVID-19 инфекциясынын 12 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Алардын ичинен 3 бейтап ооруканага жаткырылган. 2023-жылдын 25-апрелинен 1-майга чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп […]Читать далее