Ош шаарынын мэриясынын кызматтарына атайын техникалар жана унаалар тапшырылды
Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын коммуналдык кызматтарына 8 жаңы атайын техника (2 “Shacman” маркасындагы жүк ташуучу унаа, 2 экскаватор, 2 автожүктөгүч, 2 манипулятор) жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматына 4 жаңы жеңил унаа тапшырылды.
Техникаларды Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырып, демөөрчүлөр тарабынан алынып берилген заманбап техникалар менен жеңил унаалар үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, 4 жеңил унаа «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаевдин атынан «Ош Газ» ишканасынын жетекчиси Рашид Тагаев, 8 даана атайын техника «Дөөлөт курулуш» ЖЧКсынын «Базис-М» соода маркасынын башкы директору Максат Чунуев тарабынан берилди.
Аталган техникалар жеринде Ош шаарынын коммуналдык кызматтарына бөлүштүрүлдү.
Эске салсак, эки айдын ичинде Ош шаарына демөөрчүлөр тарабынан жалпы 50гө жакын атайын техника берилип, Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.