ОСАГО боюнча келишимдердин саны 278 миң 971ге жетти

Авто жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча 2025-жылдын 1-январынан 20-августуна чейин келишимдердин саны 278 миң 971ге жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул жалпы катталган автоунаалардын 16,66%ын түзөт.
Салыштыра турган болсок, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине карата болгону 4,4% (73 920 келишим) болгон.
Эң чоң өсүш кайсы аймактарда байкалууда:
- Бишкек шаары – 22,36% камсыздандыруу деңгээли (94 миң 538 автоунаа);
- Баткен облусу – 22,81%;
- Нарын облусу – 31,99%.
ОСАГО боюнча 254 камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлүп, жарандарга жалпысынан 23 млн сом төлөндү.