Оор дартка чалдыккан кыргызстандыктар Кореяда бекер дарылануусу үчүн квоталарды көбөйтүү талкууланды

 Оор дартка чалдыккан кыргызстандыктар Кореяда бекер дарылануусу үчүн квоталарды көбөйтүү талкууланды

 

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын Тэгу шаарына иш сапары менен барды, – деп кабарлайт КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, элчи сапарынын алкагында Кёменг университетинин жетекчилиги жана профессордук-окутуучулук курамы менен жолуккан.

“Аида Исмаилова Кыргызстандын Корея менен билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууга, анын ичинде Кореянын билим берүү медициналык борборлорунда Кыргыз Республикасынын дарыгерлеринин квалификациясын жогорулатууга кызыкдар экенин билдирди. Элчи кореялык өнөктөштөрдү өлкөлөр ортосундагы медицина тармагындагы кызматташууну биргелешип активдештирүүгө, атап айтканда, өзгөчө профилдеги адистердин, докторлордун жана профессорлордун тажрыйба алмашуу тармагында кызматташууга чакырды”, – деп айтылат маалыматта.

Элчи Кёменг университетинин Донгсан медициналык борборуна болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы КУУ менен Кёменг университетинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында Корея Республикасында бекер дарыланып жаткан кыргызстандык бейтаптарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө учурашууга барды.

Аталган жолугушуулардын жана иш-чаралардын алкагында тараптар биргелешкен кыргыз-корей долбоорун, анын ичинде Кыргызстандан оор дартка чалдыккан жарандарга Корея Республикасында бекер дарыланууга квоталарды көбөйтүү жана башка келечектүү кызматташуу долбоорлорун талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну улантууну макулдашышты.Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну улантууну макулдашышты.

Связанный пост