Нурланбек Шакиев Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту

 Нурланбек Шакиев Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиядагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен алгач тар чөйрөдө, андан соң кеңири курамда жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев расмий сапар менен келүүгө чакыруу жолдоп, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Мустафа Шентопко ыраазычылык билдирип: “Иш сапарлар боордош эки өлкө ортосундагы достукту жана стратегиялык кызматташтыкты бекемдейт. Андыктан бүгүнкү жолугушуубуз эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошот деген ишеничтемин”, – деди.

Муну менен катар саясий-экономикалык байланыштар тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев: “Түркия Кыргызстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода түзүмүндө өзгөчө орунду ээлейт. Азыркы учурда эки тараптуу соода жүгүртүүбүз жыл сайын өсүүдө. Бул темпти мындан ары да жогорулатып, соода көлөмүн 1 миллиард АКШ долларына чейин жеткирүүбүз кажет”, – деди. Андан тышкары, Кыргызстан-Түркия өнүктүрүү (инвестициялык) фондун түзүүнү тездетүү зарылчылыгын кошумчалады.

Ошондой эле жолугушууда маданият, туризм, саламаттыкты сактоо жаатындагы алакаларга тиешелүү маселелер да айтылып, эл аралык деңгээлдеги кызматташтык тууралуу да сөз болду. Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы кызматташтыкка олуттуу маани берерин белгилеп: “Тарыхый, маданий, тилдик жакындыгыбызды эске алуу менен элдерибиздин, мамлекеттерибиздин жыргалчылыгы үчүн кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жалпы түрк бирикмесинин мүмкүнчүлүгүн чыңдоого кызыкдарбыз”, – деди.

Өз кезегинде Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп Жогорку Кеңештин Төрагасы катары алгачкы расмий иш сапарын Түркия мамлекетинен баштагандыгы үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, муну символикалык көрүнүш катары баалады.

“Биз боордош мамлекет катары эки тараптуу гана алаканы арттырбастан, эл аралык деңгээлде да бири-бирибизди колдоп келебиз. Айрыкча өлкө башчыларыбыздын жигердүү аракети менен байланыштарыбыз чыңдалууда. Бүгүнкү жолугушуу дагы кызматташтыктын мындан аркы келечеги үчүн өтө маанилүү”, – деди Мустафа Шентоп.

Андан тышкары, стратегиялык өнөктөштүктү өөрчүтүү маселесине да токтолгон Түркия парламентинин Төрагасы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун кубаттай тургандыгын жана бул байыркы Жибек-Жолун кайрадан жандантууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Муну менен катар ТүркПАнын алкагындагы алакаларды арттыруу жана эки тараптуу иш сапарларды көбөйтүү маселесин көтөрдү.

Связанный пост