Муниципалдык инспекция Комтранскомго 78 миң сом айып салды

 Муниципалдык инспекция Комтранскомго 78 миң сом айып салды

Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Инспекция санитардык эрежелердин сакталышына жана жеке ишканалардын катуу тиричилик таштандыларын өз убагында ташып чыгуусуна көзөмөлдү күчөттү.

Октябрь районун тейлеген «Комтранском» ЖЧКсына “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин  114-беренесине ылайык 78 миң сом айып салынды.

Текшерүү учурунда инспекторлор тарабынан таштандыга толгон  6 таштанды аянтчасы аныкталды. Бул фактылардын негизинде жогоруда аталган  ишканага карата протоколдор түзүлдү.

Ишкананын жетекчилиги мыйзам бузууну четке кагып жаткандыктан, акыркы чечим чыгаруу үчүн иш административдик комиссияга өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам күн сайын өз аймагынын айланасында тазалыкты камсыздап турушу керектигин эскертет.

Связанный пост