Саясат

Маанилүү иш сапарга даярдык

Президент Садыр Жапаровдун жакында Россияга болчу иш сапары талкууланды. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 18-февралда Москвада Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда  тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденконун деңгээлинде кезектеги консультациялар болду. Анда Садыр Жапаровдун Россияга боло турган алгачкы иш сапарынын маселелери тыкыр талкууланды. Ошондой эле, тараптар мамлекеттик байланыштардын бекемделишин шарттай турган жогорку деңгээлдеги байланыштардын маанилүүлүгүн жана үстүбүздөгү жылга саясий жана маданий, анын ичинде “Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы  кызматташуу жылы” деп жарыялануусунун алкагында иш-чаралардын графигин белгилешти.

Поделиться

Жаңылыктар

Жапаров кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

admineltr

УКМК: КР атайын кызматынын жалган кызматкери аныкталды

admineltr

Садыр Жапаров Рустам Минниханов менен жолугушту

admineltr