Кытай кыргызстандык студенттерге виза алуу үчүн «жашыл коридор» ачты

 Кытай кыргызстандык студенттерге виза алуу үчүн «жашыл коридор» ачты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда түрдүү тармактарда, атап айтканда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы эки тараптуу мамилелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Эдил Байсалов Кыргызстан үчүн Кытай тарап менен кызматташуу артыкчылыктуу багыт катары саналарын, анткени эки өлкөнүн элдерин кылымдык тарых байланыштырып, алар жакын коңшу, ишенимдүү өнөктөш жана чыныгы дос экенин белгиледи.

Жолугушууда кытай тарап “Ден соолук экспресс” долбоорунун алкагында жакынкы арада катаракта дартынан жабыркаган кыргызстандыктарды дарылоого жардам бере турган медициналык адистердин тобун жөнөтөрү талкууланды. Ошондой эле, кытай тарап Кыргызстандан студенттерди кабыл алууну жандандырууда – 2022-жылдын 25-августунан 30-сентябрына чейин элчилик КЭРде билим алып жаткан студенттер үчүн виза алуу үчүн «жашыл коридор» ачат. Акыркы жылдары студенттер карантиндик чектөөлөрдөн улам Кытайга кирүүдө белгилүү кыйынчылыктарга туш болууда.

Ошондой эле Кытай коронавирустук инфекцияга каршы 500 миң вакцина жөнөтүүгө даярданып жатканы, мындан тышкары өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарынын интенсивдүүлүгүн жогорулатуу маселеси иштелип жатканы белгилүү болду.

Связанный пост