Кыргызстанга Индиядан баңгизат ташып келүү каналына бөгөт коюлду

Индиядан баңгизаттарын ташып келүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргызстандын аймагында өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды таратуу жана сатуу менен алектенген чет өлкөлүк жарандар кармалышты.

“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу жана жөнөтүү” беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иши козголгон. Анын алкагында өлкө аймагындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган Индиянын жарандары Indianproduct дүкөнү (Instagram социалдык тармагында) аркылуу баңгизат сатуу менен алектенип жүргөндүгү аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам иштердин натыйжасында Индиянын эки жараны кармалды. Алар: 2006-жылы туулган “D” жана 2003-жылы туулган “S.M.”. Кармалгандардын жашаган жерин тинтүү учурунда болжол менен 1 кг өлчөмүндөгү баңги зат каражаттары (кара куурай чайыры “гашиш”), ошондой эле психотроптук баңгизаттар табылган.

Учурда баңгизаттарды ташып келүүнүн жолдору, ошондой эле ташууга жана таратууга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Связанный пост