Кыргызстандык жоокерлер Алжирде өтүп жаткан “Десанттык взвод” мелдешине катышууда

 Кыргызстандык жоокерлер Алжирде өтүп жаткан “Десанттык взвод” мелдешине катышууда

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы Алжирде өтүп жаткан “Десанттык взвод” мелдешине катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө караганда, “АРМИ-2022” оюндарынын алкагында 14-26-августта Алжирде “Десанттык взвод” мелдеши өтүүдө.

Мелдеш төрт этаптан туруп, Кыргызстандын курама командасы 1-дивизиондо беттешет. Команданын курамында офицерлер, сержанттар жана Рязань гвардиялык аба-десанттык командалык окуу жайында окуган кыргыз курсанттары бар.

Мелдешке жалпысынан 18 республика катышып, Кыргызстандын курамасы төмөнкү мамлекеттер менен күч сынашат: Буркино-Фасо, Россия, Вьетнам, Индия, Конго, Мали, Никарагуа, Судан, Тажикстан жана Сирия.

Связанный пост