Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө азык-түлүккө болгон баа өзгөрдү

 Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө азык-түлүккө болгон баа өзгөрдү

2025-жылдын 29-майына карата Кыргызстанда, ошондой эле Россия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө азык-түлүктүн баасына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу КР Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда сабиз 1,4 %, вермишель 0,4 %, кумшекер 0,4 %, пияз 0,3 %, күрүч 0,2 %, кой эти 0,1 %, буудай уну 0,1 % жогоруласа, картошка 5,6 %, жумуртка 1,2 %, төмөндөгөнү аныкталды.

Казакстанда картошка 6,7%, сабиз 4,9 %, буудай уну 1,7 %, уй эти 0,3 %, кой эти 0,1 %   жогоруласа, жумуртка 2,7 %, каймак май 1,9 % төмөндөгөнү байкалган.

Россияда картошка 7 %, сабиз 3,4 %, пияз 2,1 %, спагетти 0,9 %, вермишель 0,6 %, уй эти 0,5 % жогоруласа, сүт 0,5 %, каймак май 1,2 % төмөндөгөнү байкалган.

Связанный пост