Кыргызстанда ПЧР-тестти эми 490 сомго тапшырууга болот

 Кыргызстанда ПЧР-тестти эми 490 сомго тапшырууга болот

Бүгүндөн баштап Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде ПЧР-тестти 490 сомго тапшырууга болот. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

ПЧР-тесттин баасы төмөндөтүлүп, азырынча Оорулардын алдын алуу департаментинде гана тапшырылат. Мурда баасы 788 сом болгон.

Эскерте кетсек, бир катар категориядагы жарандарга COVID-19га акысыз ПЧР анализ жүргүзүлөт:

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
– Баткен окуяларынын катышуучуларына;
– Эмгектин ардагерлерине;
– 70 жаштан жогору улгайгандарга;
– “Баатыр эне” орденинин ээлерине;
– Майыптыгы бар жарандарга – көрүүсү, угуусу боюнча 1, 2-топтогу майыптарга;
– 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдарга;
– АИВ/СПИД менен жашаган адамдарга;
– 6 жашка чейинки балдарга;
– жетим балдарга;
– аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына.

Анализди кабыл алуу күн сайын саат 8:30 – 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жыйынтыктар ошол эле күнү саат 18:00 – 21:00гө чейин берилет.

Связанный пост