Кыргызстанда керектөө баалары 2,2 пайызга өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде керектөө баалары республика 2,2 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Назира Керималиева билдирди.
Ал белгилегендей, мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 3,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки азыктарына – 2,3 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 1,1 пайызга жогорулады, ал эми азык-түлүк эмес азыктарга баалар тескерисинче – 0,3 пайызга жогорулаган төмөндөдү.
Ошондой эле республиканын бардык аймактарында дагы керектөө бааларынын жогорулашы байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (3,7 пайызга) Ош облусунда катталды, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын (5,8 пайызга) кымбатташы менен шартталды. Баанын максималдуу өсүшү алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына (6,9 пайызга) Ош шаарында, азык-түлүк эмес товарларга (0,8 пайызга) Ысык-Көл облусунда жана калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (2,8 пайызга) Нарын облусунда катталган.