Кыргызстан менен Тажикстан саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашты

 Кыргызстан менен Тажикстан саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Связанный пост