Кыргызстан менен Франция инвестициялык кызматташтыкты чыңдоодо

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги MEDEF International уюмунун делегациясы, Франция Элчилигинин өкүлдөрү жана француз ишкер чөйрөсүнүн мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Алар Кыргызстанга инвестициялык кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн келишкен.

Жолугушууда кыргыз тарап кызыгуу көрсөтүлгөнүнө ыраазычылык билдирип, экономикалык байланыштарды чыңдоого даяр экендигин баса белгиледи.

Инвестициялар үчүн артыкчылыктуу багыттарга өзгөчө көңүл бурулду: жаңылануучу энергетика, транспорт жана логистика, санарип экономика, туруктуу туризм жана агроөнөр жай тармагы.

Министрлик инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана инвесторлордун укуктарын коргоо жаатындагы жетишкендиктерди белгиледи. Ошондой эле, эл аралык финансы институттары менен тыгыз кызматташуу жүрүп жатканын белгиледи.

Кыргыз Республикасы инвестицияларга ачык экендигин жана ар бир долбоор боюнча өзүнчө коштоо көрсөтүүгө, анын ичинде мамлекеттик кепилдик берүүгө да даяр экендигин билдирди.
«Бул визит Франция менен Кыргызстандын өнөктөштүгүн чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизи болот деген үмүттөбүз. Ошондой эле, биздин өлкөнүн артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү инвестициялык долбоорлордун башталышына жол ачат. Биз француз тажрыйбасы менен технологияларын Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу эки тарап үчүн ийгиликтүү кызматташуунун бекем пайдубалына айланарына ишенебиз.

Финансы министрлиги француз компаниялары менен ачык диалогду улантууга, демилгелерди ыкчам кароого жана долбоорлорду эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн тез арада ишке ашыруу максатында керектүү институционалдык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.»

Связанный пост