«Кыргыз темир жолу» ишканасы дагы эки жаңы ВИП вагонду сунуштайт
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы Бишкек – Балыкчы – Бишкек багыты боюнча дагы эки жаңы ВИП вагонун пайдаланууга бергенин маалымдайт.
Бүгүн, 28-майда «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын комиссиясы жаңы ВИП вагондорду сыноодон өткөрүп, анын жыйынтыгында бардык тутумдардын, анын ичинде генераторлордун жана электр жабдууларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн белгиледи.
Бул вагондор мурунку моделдердин концепциясын улантып, заманбап технология менен улуттук стилди айкалыштырган. Вагондун жасалгалоосунда өлкөбүздүн тарыхый-маданий мурастарынын элементтери камтылган: кереге, салттуу оймо-чиймелер, петроглифтери бар панно, чырактын жумшак жарыгы интерьердин эстетикасын жана кооздугун баса белгилейт.
Ыңгайлуулуктар:
– отургучтун алдындагы жүктөрдү сактоо үчүн орундук;
– панорамалык терезелер – жаратылыштын кооз көрүнүштөрүн жакындан көрүүгө мүмкүнчүлүк берет;
– кубаттуу кондиционерлер;
– видеокөзөмөл тутуму;
– заманбап көңүл ачуучу каражаттар – телевизорлор жана стереосистема орнотулган.
Эскерте кетсек, поезд курамына 600 кВт кубаттуулуктагы уникалдуу генератор-вагон кошулган, бул 40 вагонго чейин электр энергиясын камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Эки 300 кВттык генератор менен жабдылган: бирөөсү өчүп калганда экинчиси автоматтык түрдө ишке кирип, энергиянын туруктуу берилишин камсыз кылат.
Эми Бишкек – Балыкчы каттамынын поездинде шарттары жакшыртылган 6 вагон бар.