Кулатов көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды

 Кулатов көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды

Борбор калаада мэр Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда Кулатов көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Каракульская көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн ачылышы болду.

Жолдун узундугу 1,4 км, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метр. Жолду реконструкциялоо 2021-2022-жылдар аралыгында 2 этап менен жүргүзүлдү. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки тарабына ыңгайлуу тротуар  төшөлүп, жашыл жерлерди сугаруу үчүн ирригация орнотулду.

Көчө Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдолду.

Связанный пост