Коммуналдык кызматтар үчүн атайын техникаларды алып келүү меморандумуна кол коюлду

 Коммуналдык кызматтар үчүн атайын техникаларды алып келүү меморандумуна кол коюлду

Шаардык муниципалитеттин жыйындар залында атайын техникаларды алып келүү боюнча меморандумга салтанаттуу кол коюу аземи болду.

Меморандумга Бишкек шаарынын мэриясы менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун ортосунда кол коюлду.

Жалпысынан турак жай-коммуналдык чарба тармагында сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн 30га жакын атайын техниканы лизингге сатып алуу пландалууда.

Жаңы техникалар «Бишкекжарык», «Тазалык», «Бишкексуучарба», «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканаларынын ишинде колдонулаары күтүлүүдө. Булар автомунара, кран-манипулятор, бургулоочу орнотуучу, таштанды чыгаруу унаа, бириктирилген  сугаруучу унаа жана башкалар.

Связанный пост