Кара-Буура районунда Р.Шүкүрбеков атындагы мектеп оңдоодон өттү

 Кара-Буура районунда Р.Шүкүрбеков атындагы мектеп оңдоодон өттү

 Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Р.Шүкүрбеков атындагы орто мектеп оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) билдирет.

Маалыматка ылайык, мектеп имараты министрлер кабинети, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Швейцария өкмөтүнүн Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) каржылык колдоосунда АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында реконструкцияланды.

“Мектеп 1981-жылы пайдаланууга берилип, анда 40 жылдан бери биринчи жолу оңдоо жана модернизациялоо иштери жүргүзүлгөн. Мектеп 192 окуучуга ылайыкталган, бүгүнкү күндө 170 бала билим алууда. «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун алкагында энергонатыйжалуулукту жана сейсмикалык туруктуулукту жогорулатуу максатында мектепти толук реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү”, – деп айтылат билдирүүдө.

Модернизация учурунда энергонатыйжалуулукту жогорулатуу үчүн төмөнкү иштер аткарылган:

  • Мектеп корпусу жылууланды;
  • Имараттын сейсмикалык туруктуулугу бекемделди;
  • Эски терезе менен эшиктер жаңы жана жылуулукту сактай турчу пластик терезелерге алмаштырылды;
  • Жылытуу түзүмү жаңыланып, электрокерамикалуу батареялар орнотулду;
  • Электрди өткөрүү тармагы толугу менен жаңыртылды;
  • Жарыктандыруу диоддук лампаларга алмаштырылды;
  • Имараттын вентиляциялык түзүлүшү жакшыртылып, рекуператорлор орнотулду.

Связанный пост