Медицина

Кант диабети көбөйүүдө

Өткөн жылы кант диабети 7 миңден ашык адамдан аныкталган. Бул эң көп катталган учур. Буга чейин жылына 5 миңге жакын адамда катталган. Өзгөчө жашы өткөн адамдардын өмүрүнө кант даибети кооптуулук жаратып жатат. Учурда илдетти алдын алуу аракеттери көрүлүүдө. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекованын айтымында, 72миңге жакын адам аталган илдет менен каттоодо турат.

Поделиться