“Кадрларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү жөнүндө” жарлыктын долбоору коомдук талкууга коюлат

 “Кадрларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү жөнүндө” жарлыктын долбоору коомдук талкууга коюлат

“2023-2025 жылдарга Кыргызстанда кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү жөнүндө” президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга коюлат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

“2023-2025 жылдарга КРда кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү жөнүндө” президенттин жарлыгынын долбоорунун максаты мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта коомго ак ниет кызмат кылууга, мамлекеттин максаттарын, милдеттерин жана функцияларын саппаттуу аткарууга багыталган эффективдүү кесипкөй кадрдык аппаратты түзүү болуп саналат.

Сунуш кылынган Стратегиянын долбоору эксперттердин сунуштарын эске алуу менен мыйзамдарды жана алдыңкы тажрыйбаны талдоого негизделген, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан кадр саясатында максаттарга жана жаңы ыкмаларга жетишүүгө багытталган.

Сунуш жана пикирлер үчүн байланыш: 66 01 51, 0707 265551, e-mail: mun.otdel@gmail.com

Связанный пост