ИИМ УКТ менен байланышы бар деп шектелген жаранды кармады

 ИИМ УКТ менен байланышы бар деп шектелген жаранды кармады

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен мүмкүн болгон байланыштары боюнча текшерүү материалдарында аты аталган Т. К. М. аттуу жаран кармалды.

Учурда шектүү жаран тиешелүү тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн Тергөө кызматына жеткирилди. Тергөө иштери улантылууда.

Эске сала кетсек, буга чейин Т. К. М. Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышуу ниетин билдирген. Андан кийин интернет тармагында анын УКТ лидерлеринин бири менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган.

Связанный пост