ИИМ: Бир нече турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү иликтенүүдө

 ИИМ: Бир нече турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү иликтенүүдө

Турак жай кооперативине акча каражатын салууда тобокелчиликтер жогору. Учурда бир нече турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү иликтенүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, «S-Line» турак жай кооперативи жарандарга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирип, 80ден ашуун кылмыш иши козголгон. Келтирилген материалдык чыгым 79 990 000 сомдон ашык. Аталган коммерциялык эмес турак жай кооперативинин бир катар жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.

«Ихсан Групп ЛТД» турак жай кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 500 кылмыш иши козголуп, жарандарга 600 миллион сомдон ашык чыгым келтирилген. Бул коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.

Андан сырткары, башка турак жай кооперативдеринин иштердүүлүгү, анын ичинде «Береке Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативи боюнча кылмыш иштери иликтенүүдө. Азыркы учурда «Береке Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жарандардан 300 арыз түшкөн.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы турак жайларга жогорку талап болгондугуна байланыштуу кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө алуунун ар кандай түрлөрү бар экендигин белгилейт. Бирок сатып алуучулардын кызыкчылыгын коргоодо алардын ичинен дагы туура келбегени бар. Мыйзам боюнча коммерциялык эмес турак жай кооперативдерин түзүүгө уруксат берилген. Бирок, ошол эле учурда кооперативдердин кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө каржы пирамидасына окшош ишмердүүлүк жүргүзгөндөрү тынчыздандырат.

Ушуга байланыштуу, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга коммерциялык эмес турак жай кооперативдери аркылуу үйлөрдү сатып алуу максатында акча каражаттарын салууда тобокелчиликтер бар экендигин эскертет.

Связанный пост