«Ихсан» кооперативинин ишмердүүлүгүнөн жабыркаган жарандар бардык милиция бөлүмдөрүнө кайрылса болот

 «Ихсан» кооперативинин ишмердүүлүгүнөн жабыркаган жарандар бардык милиция бөлүмдөрүнө кайрылса болот

«Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин ишмердүүлүгүнөн жабыркаган жарандар бардык милиция бөлүмдөрүнө кайрылса болоорун ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Тергөө кызматы учурда мүлкү жана банк эсептери камакка алынган «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана негиздөөчүлөрүнө карата козголгон кылмыш иштерин тергеп жатат.

Кооперативдин күмөндүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жарандарга 121 313 950 сомдук зыян келтирилген.
Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга, финансылык сабаттуулукту жогорулатууга, жеңил жана тез баюу убадаларына ишенбөөгө чакырат.

Урматтуу жарандар, эгер сиз же сиздин жакындарыңыз «Ихсан Групп ЛТД» ЖЧКнын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жабыр тарткан болсо, токтоосуз түрдө Ички иштер министрлигине кайрылса болот. Байланыш телефондору: 0312 26 64 05, 0 709 11 45 74 же 102. Ошондой эле, жарандар жергиликтүү милиция бөлүмдөрүнө дагы арыздар менен кайрылсаңыздар болот.

Жарандардан келип түшкөн бардык арыздар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына жөнөтүлүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында каралып, процесстик тартипте чечимдер кабыл алынат.

Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга келтирилген зыяндын ордун тез арада толтуруу боюнча масштабдуу иликтөө, комплекстүү, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Связанный пост