Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

 Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгында Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары бир катар документтерге кол коюшту.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:
– «Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө» буйрук;
– «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук продукция рыногун жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча иштин жүрүшү жөнүндө» маселенин алкагындагы тапшырма;
– «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге жеке жактар тарабынан сатылуучу товарлардын электрондук соодасынан кыйыр салыктарды алуунун тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоору тууралуу» маселе боюнча тапшырма;
– «Евразия кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жөнүндө» маселенин алкагындагы тапшырмалар;
– «Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси жөнүндө» буйрук;
– «Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарын өз ара сооданын алкагында эсептешүүлөрдү ишке ашырууда колдонууну кеңейтүү боюнча мындан аркы иштер жөнүндө» буйрук;
– «Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» буйрук;
– «Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» Жарлык;
– «Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» буйрук.

Связанный пост