Элчи Улукбек Марипов Сауд Арабиянын соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын төрагасы менен жолугушту

 Элчи Улукбек Марипов Сауд Арабиянын соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын төрагасы менен жолугушту

 1-сентябрда Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын төрагасы Ажлан Абдулазиз Аль-Ажлан менен жолугушту.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү маселелерин, анын ичинде Сауд Арабиянын бизнес-делегациясынын Кыргыз Республикасына сапарын уюштурууну жана 2022-жылдын аягына чейин Бишкекте кезектеги кыргыз-сауд бизнес форумун өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле эки боордош өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныктоо, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр боюнча такай маалымат алмашуу, КРнын жана САПтын жеке секторунун өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, Ошондой эле Бишкек менен Эр-Рияддын ортосунда туруктуу түз аба каттамдарын ачуу зарылдыгына көңүл бурушту.

 Түз байланыштарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык, инвестициялык долбоорлорун жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу максатында, элчи У.Марипов жакынкы аралыкта Сауд Арабиянын ири компаниялары менен эки тараптуу жолугушууларды уюштуруп берүүнү өтүнүү менен бирге маектешин алдыда боло турган бизнес-форумга катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

 Өз кезегинде САПтын соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын төрагасы А.Аль-Ажлан күн тартипте турган маселелерди алдыга жылдыруу, анын ичинде эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого багытталган алдыдагы иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү боюнча Элчиликке жардам көрсөтөөрүнө ишендирди. Ал чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, бизнес-форумдун алкагында Кыргыз Республикасына келүүгө кубанычта болорун билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз-сауд ишкерлер кеңешин түзүү боюнча келишимге кол коюуну камсыздоо жана үзгүлтүксүз негизде түз байланыштарды жүргүзүүгө макулдашылды.

Связанный пост