ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйынында бир катар чечимдер кабыл алынды

 ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйынында бир катар чечимдер кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы астында ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйыны видеоконференция режиминде өттү.

ЕЭК кеңешинин жыйынында 28 маселе каралды.

Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө текшерүү жүргүзүүчү уюмдар болушу мүмкүн болгон субъекттердин чөйрөсүн аныктоо жолу менен медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүнү текшерүүнүн натыйжаларына болгон ишенимин камсыз кылуу максатында «Медициналык багыттагы буюмдарды колдонуунун потенциалдуу тобокелдигине жараша алардын сапатын башкаруу системасын ишке ашырууга, тейлөөгө жана баалоого карата талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим кабыл алынды.

Ошондой эле «Фармацевтикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим кабыл алынды. Бул өзгөртүү мүчө мамлекеттердин инспекторлору тарабынан фармацевтикалык текшерүүлөрдүн натыйжаларынын толук салыштырылышын камсыз кылат, фармацевтикалык текшерүүнүн этаптарына, текшерүүнүн ар бир этабы боюнча отчеттуулуктун тартибине жана мөөнөттөрүнө карата мамилени унификациялайт, ошондой эле объективдүү, ачык-айкын, системалык баалоону камсыз кылуучу өндүрүш процессине сын-пикирлердин санын градациялоодо чаралардын тутумун орнотууга мүмкүндүк берет.

Андан соң ЕЭК Кеңешинин жыйынында тийиштүү келишимге кол коюу үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик процедураларды жүргүзүү үчүн евразиялык транспорттук коридорлорго киргизилген ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин унаа жолдорунда жүрүүдө транспорттук каражаттардын уруксаат берилген массасы, октук жүгү жана габариттери жөнүндө Макулдашуунун долбоору жактырылды.

Макулдашуунун долбоору жүк ташуу шарттарын шайкеш келтирүүгө багытталган, ошондой эле учурдагы чектөөлөрдү жокко чыгарат.

«Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аккредитациялоо органдары тарабынан өз ара салыштырма баалоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» чечим кабыл алынды, ал мүчө мамлекеттерде аккредитациялоо органдары тарабынан колдонулган жол-жоболордун бирдейлигине жетишүүнү жана аккредитациянын жана шайкештикти баалоонун жыйынтыгына болгон ишенимди жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Кеңешмеде ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан 2021-жылы ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин XX бөлүгүндө каралган энергетика тармагындагы милдеттенмелердин аткарылышынын мониторингинин жыйынтыктары жана Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын бекитүү жөнүндө макулдашууга кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү жыйынтыктары талкууланды.

Ошондой эле ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимдин долбоорун даярдоонун жүрүшү жана Евразия экономикалык биримдигинин интеграцияланган маалыматтык тутумун өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө баяндамалары маалымат катары угулду.

Белгилей кетсек, ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынын үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөрүү чечими кабыл алынды.

Связанный пост