Эдил Байсалов Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты

 Эдил Байсалов Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарында өтүп жаткан чоңдор арасындагы Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты.

Ал белгилегендей, мелдешке дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн 500гө жакын спортчу катышат.

«Самбо күрөштүн абдан кызыктуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан түрү болуп саналат, ал биздин республикада да кеңири жайылган. Белгилей кетсек, самбо боюнча дүйнөлүк турнир биздин өлкөдө алгач ирет өтүп жатат. Мындай иш-чаралар жарандар арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жана жайылтуу иретинде маанилүү экендигине ишенем. Бул турнир республикада массалык дене тарбия кыймылын мындан ары өнүктүрүү үчүн шык берип, ар бир катышуучунун эсинде узак убакытка чейин сакталууга тийиш. Дүйнө чемпионатынын жалпы катышуучуларына мелдештерде жогорку натыйжаларга жетишүүсүн каалайм. Мыктылар жеңишке жетсин», – деди Эдил Байсалов.

Связанный пост