Данияр Амангелдиев Өзбекстандын премьер-министринин орун басары менен жолугушту

 Данияр Амангелдиев Өзбекстандын премьер-министринин орун басары менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Астана Эл аралык форумунун талааларында Өзбекстандн премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен жолугушту.

Тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле жогорку деңгээлдеги сапарлардын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

Данияр Амангелдиев азыркы учурда кыргыз-өзбек мамилелери эки мамлекеттин боордош элдеринин түпкү жана узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук жооп берерин белгиледи, буга биринчи кезекте мамлекет, өкмөт жана парламент башчыларынын деңгээлиндеги келечектүү жана тарыхый өз ара сапарлар түрткү берди. Ошону менен бирге Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын тапшырмасы боюнча өз ара сооданы көбөйтүү жана анын көлөмүн эки миллиард АКШ долларына жеткирүү боюнча аракеттерди активдештирүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев эки мамлекет ортосундагы түзүлгөн эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин канааттануу менен айтып өттү.

Тараптар үстүбүздөгү жылга пландаштырылган эки тараптуу иш-чаралар боюнча да пикир алмашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар тараптуу баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө жана кеңейтүүгө ниеттерин билдиришти.

Связанный пост