Чуңкурчак жайлоосунда тарыхый ишмер Байтик баатырдын 200 жылдык мааракеси өттү

 Чуңкурчак жайлоосунда тарыхый ишмер Байтик баатырдын 200 жылдык мааракеси өттү

 Бүгүн, 31-августта, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда көрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Масштабдуу иш-чарага республиканын бардык аймактарынан коноктор чакырылган.

Жайлоодо 19-кылымдагы кыргыздардын көчмөн конушун чагылдырган боз үйлөрдүн этношаарчасы жасалды.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова этношаарчаны кыдырып, анда аларга устачылык жана кол өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлүп, кыргыз элинин каада-салты тааныштырылды. Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучулары менен да баарлашты.

Иш-чаранын алкагында 1,5 миллион сомдук байге фонду менен жети багыт боюнча “Ынтымак” фестивалы өткөрүлдү.

Катышуучулар улуттук кийимдерди, тамак-аштарды, бийлерди тартуулашты, ылдамдыкка боз үй тигүү жана аны жасалгалоо жана башка сынактар өткөрүлдү.

Салтанат өлкөнүн бардык облустарынан келген чыгармачыл жамааттар тарабынан даярдалган ыр-күү жана төкмө акындардын өнөрлөрү менен коштолду.

Мындан тышкары, көп сандаган көрүүчүлөргө Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) төрөлүшү, анын түндүк кыргыздардын жол башчысы катары калыптанышы жана эгемендик үчүн күрөшү тууралуу театрлаштырылган пролог көрсөтүлдү.

Андан соң мамлекет башчысы сөз сүйлөп, Байтик баатырдын көрүнүктүү лидерлик сапаттарын жана тарыхый бурулуш жасаган маанилүү чечимдерин белгиледи.

Концерттик программадан соң 89 күлүк катышкан 31 чакырымдык ат чабыштын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

Президент Садыр Жапаров жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды. Ат чабыштын жеңүүчүсү байге катары борбор калаадан бир бөлмөлүү батир алса, калгандарына акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Связанный пост