Чолпон-Атада түрк тилдүү элдердин салттуу музыкасынын изилдөөчүлөрү катышкан симпозиум өтүүдө

 Чолпон-Атада түрк тилдүү элдердин салттуу музыкасынын изилдөөчүлөрү катышкан симпозиум өтүүдө

Чолпон-Ата шаарында түрк тилдүү элдердин салттуу музыкалык искусствосунун изилдөөчүлөрү катышкан эл аралык симпозиум өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Симпозиумга Кыргызстан, Казакстан, Италия, Венгрия, Финляндия, Австрия, Япония, Нидерланд, АКШ, Канада, Улуу Британия, Сербия, Түркия, Азербайжан, Россия, Өзбекстан, Албания, Татарстан, Болгария, Түркмөнстан жана башка мамлекеттен келген илимпоздор, салттуу музыка искусствосун алып жүрүүчүлөрү оффлайн жана онлайн катышууда.

Беш күнгө улана турган симпозиумда изилдөөчүлөр салттуу музыка жаатындагы бир катар актуалдуу темаларды көтөрүп, катышуучу өлкөлөр тарабынан сунуштар жана пикирлер топтолмокчу.

Иш-чара президенттин “Комуз күнү жөнүндө” жарлыгын аткаруунун алкагында ишке ашырылып, түрк тилдүү элдердин музыкалык салттарын изилдөө, сактоо жана жайылтуу боюнча илимий-изилдөө иштеринин жалпы багыттарын иштеп чыгуу, салтуу музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөрдүн чыгармачыл байланыштарын бекемдөө жана салттуу музыканы алып жүрүүчү өнөр ээлерин коомчулукка таанытуу максатын көздөп жатат.

Эске салсак, иш-чара Маданият, маалдымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилигинин алдында “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду жана А.Алтымышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий институту менен биргеликте өтүп, Эл аралык евразия институту тарабынан колдоого алынды.

Связанный пост