Россияда тигүү жана курулуш тармагында иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга келип иштөөгө чакырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта Кыргызстанда тигүү тармагында да, курулушта да жумушчу күчтөрү жетишпей жатат. “Албетте, сиздерди кызыктырган эмгек акы-маяналар Россияда иштеп тапкан менен бирдей эле болот. Эң башкысы ата мекениңерде, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдайт, 2024-жылдын 16-сентябрынан баштап Кыргызстандагы бардык Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) иштөө графиги өзгөрөт. Эми КТБлар саат 8:00дөн 18:00гө чейин иштейт, түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин. Демек, КТБлардын иштөө убактысы бир саатка узартылды. Бул өзгөртүүлөр тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жасалууда. Иш убактысын өзгөртүү демилгеси […]Читать далее
2024-жылдын 12-сентябрында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жагаштыруу фонду (ЮНФПА) тарабынан уюштурулган жабдууларды тапшыруу аземи өтүп, ал энелердин ден соолугун чыңдоого карай олуттуу дагы бир кадам болду. Сапатты жакшыртууну көздөгөн долбоордун алкагында бул демилге өлкөдө алдын алына турчу энелердин ооруларын кыскартууга багытталган. […]Читать далее
Дипломаттык жана кызматтык паспорттору бар кыргызстандыктар Японияга визасыз кире алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, Кыргызстан жана Япониянын дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө алмашуу ноталары бүгүн, 12-сентябрдан тарта күчүнө кирди. Белгиленгендей, Кыргызстан жана Япониянын жарандары – дипломаттык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлери 90 күндөн ашпаган мөөнөткө […]Читать далее
Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде ӨКМ суучулдары Ысык-Көлдү таштандылардан тазалоо иштерин жигердүү улантууда. Былтыр, 2023-жылдын 12-мартында башталган тазалоо иштери көлдүн төрт тарабы боюнча тегерете толук тазаланган. Быйылкы жылы да тазалоо жумуштары колго алынып, 2024-жылдын башынан бери 13 550 кг таштанды, 32 700 метр балык уулоочу тор чыгарылган. Суучулдардын баамында таштандылардын көлөмү быйылкы жылы өткөн […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын Ленин райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Атайын кызматтан билдиришкендей, имараттын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ардагерлер жана башкармалыктын өздүк курамы катышты. Белгиленгендей, жаңы имарат толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында жемиштүү иштеши үчүн бардык […]Читать далее
Кыргызстанда чыгарылган тик учактар сыноодон өтүп, көргөзмөгө чыгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, тик учактар эки орундуу, 70 литр күйүүчү май менен 600 чакырым аралыкты 3 саатта учуп өтөт. “Баасы 60 миң доллардан жогору экен. Кыска аралыкта мамлекетибизде унаа, тик учактарды чыгарган жана […]Читать далее
Миграциялык процесстерди турукташтыруу жана жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү максатында 11 агенттикке Кыргызстандын жарандарын бир катар чет мамлекеттерде ишке орноштурууга тыюу салынды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, мындай чечим “Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө” жобонун ченемдеринин негизинде кабыл алынды. Чет өлкөдө ишке орноштурууга […]Читать далее
Кыргызстанда 3 айда 818 айыл чарба продукциясынын үлгүсүнө анализ жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Белгиленгендей, анализдер Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясында жүргүзүлдү. Мында Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен европа өндүрүшүндөгү газ хроматографы алынып келинген. Ошентип, 3 ай ичинде жалпы […]Читать далее
Айрым базарлар өрт кырсыктарын ооздуктоого даяр эмес. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борбору маалымдады. Бүгүн, 2024-жылдын 11-сентябрында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын инспекторлору тарабынан “Таатан” 1, 2 чакан курулуш базарында жана “Мадина” соода базарында пландан тышкаркы үч күндүк текшерүү иштери башталды. Соода түйүндөрүндө өрт кырсыктарын болтурбоо, адам […]Читать далее