Бишкектин Ташкент көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрулдү. ӨКМден билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм, ККББдан ыкчам топ жана Штаб тартылган. Маалыматка ылайык, өрт турак үйдүн өзүндө чыгып, өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан жеке менчик бала бакчанын чатырына өткөн. Жалындын жалпы аянты 200 чарчы метрди түзөт. “Тилсиз жоо саат 11:45те чектөөгө алынып, саат 12:45те […]Читать далее
Кыргызстандын Куралдууу күчтөрүнүн Аскердик институтунда окуу процессин камсыздоо батальонунун аскер кызматчысы каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя 18-августта болжол менен 22:10до катталган. “Катардагы аскер кызматкери 2003-жылы туулган С.С.Ч. Каракол шаардык бириктирилген аскер аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Ал кароол кызматында туруп өзүнө ок аткан. Алган жаратынан жеринде каза болду”, […]Читать далее
18-августта Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгында Т.Байзаков атындагы эс алуу багынын ачылышы өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди. Маалыматка ылайык, парк жалпы сегиз гектар жер аянтын ээлеп, курулушка жергиликтүү бийлик 46 млн 616 миң сом акча каражатын жумшаган. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, шаар мэри […]Читать далее
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кен жайына байланыштуу билдирүү жазды. Анын айтымына караганда, президент Садыр Жапаров ушул жылдын июнь айында Солтон-Сары алтын кенине барып, ал жерди өз көзү менен көрүп, абал менен жакындан таанышып келген. “Жергиликтүү эл менен жолуккан. Элдин: “Жол салып атышат, жаратылышыбыз талкаланат”, – деген үнүн уккан. […]Читать далее
Ысык-Атада жайлоодо 40 жаштагы жаранды карактап кеткен кыз менен жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, ушул жылы 16-августта Ысык-Ата районундагы Карагай-Булак жайлоосунда белгисиз эркек киши менен кыз ок атуучу курал менен коркутушуп, “Самсунг” үлгүсүндөгү телефонун, […]Читать далее
Бишкекте 18-августта уз айымдар арасында 2022-жылдын мыкты шырдакчысын аныктаган сынак өтүп жатат. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймагынан келген салттуу кол өнөрчүлүктүн сүйүүчүлөрү катышууда. Уюуштуруучулардын айтымына караганда, сынактын негизги максаты – уз айымдарга шык берүү жана кыргыз шырдагынын көрктүүлүгүн арттыруу. Белгилей кетсек, сынакты Kyrgyz Handmade “Байбол” этно-чайханасы менен биргеликте биринчи жолу уюштурган. Саамалыкты жыл сайын өткөрүп туруу […]Читать далее
Жалал-Абадда дөңгөлөк саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Такталган маалымат боюнча, Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында дөңгөлөк саткан дүкөн күйүп жатат деген кабар түшкөн, жерине саат 06:14 бир өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Күйүп жаткан өрттүн көлөмү чоң болгонуна байланыштуу жардамга “Кыргызнефтигаз” ААКтан эки даана өрт өчүрүү автоунаа жана […]Читать далее
Бүгүн, 18-августта КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга барды. Ведомстводон билдиргендей, Өзбекстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында 17-18-августта Ташкентте ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин 4-жыйыны өтөт. Аталган кеңешмеге ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрликтеринин, […]Читать далее
Шаардык муниципалитетте калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун, калаанын транспорт, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Бактыбек Абдиевдин түркиялык «Кузу групп» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү. Борбор калаада социалдык турак- жайларды куруу, ошондой эле шаардык канализацияны башкаруу жана биргелешкен кызматташтыкты чыңдоо боюнча пландар талкууланды. Маалымат үчүн: «Кузу групп» жылдык жүгүртүүсү 350 миллион АКШ долларынан ашкан Түркиядагы алдыңкы подряддык […]Читать далее
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы Алжирде өтүп жаткан “Десанттык взвод” мелдешине катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Билдирүүгө караганда, “АРМИ-2022” оюндарынын алкагында 14-26-августта Алжирде “Десанттык взвод” мелдеши өтүүдө. Мелдеш төрт этаптан туруп, Кыргызстандын курама командасы 1-дивизиондо беттешет. Команданын курамында офицерлер, сержанттар жана Рязань гвардиялык аба-десанттык командалык окуу жайында окуган кыргыз курсанттары бар. Мелдешке жалпысынан 18 […]Читать далее