Товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттер 2023-жылдын 1-январынан тартып Салык кызматынын маалыматтык системасында каттоодон өтүүгө жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү. “ЭТТК” системасында каттоодон өтүү Салык кызматынын сайтындагы “жеке кабинет” аркылуу ишке ашырылат. Белгилей кетсек, “ЭТТК” маалыматтык системасы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө, аларды реалдуу режимде контрагентке берүүгө мүмкүндүк берүүчү салык кызматынын бирдиктүү порталы […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2022-жылдын 10 айында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 368 миң 123 бөтөлкө алкоголдук продукцияны жана 226 миң 50 куту тамекини аныктап, тартып алышты. Бузуулардын көпчүлүгү акциздик маркаларсыз же жасалма маркалары менен алкоголдук жана тамеки продукцияларын сатууга байланыштуу болгон. Акциздик маркаларсыз алкоголдук же тамеки продукцияларын өндүрүү, импорттоо жана сатуу, ошондой эле акциздик маркаларды жасалмалоо жеке […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы алкоголдук жана тамеки продукцияларын мыйзамсыз жүгүртүү, анын ичинде мыйзамсыз ташуу фактыларын аныктоо боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүүдө. Өлкөнүн аймагында ташуучулар, өзгөчө таксисттер тарабынан алкоголдук жана тамеки продукцияларын жасалма акциздик маркалар менен же акциздик маркасыз, ошондой эле уруксат берүүчү документтери (коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактара, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз) жок ташуу фактылары аныкталган учурда, ташылган […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы токтому менен тамекиге жана никотин камтыган продукцияга минималдуу чекене баалар белгиленди. Минималдуу чекене баанын жогорулашы тамеки жана никотин камтыган продукцияны керектөөнү кыскартып, калктын саламаттыгына оң таасирин тийгизет. Токтомго ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып акциздик товарлардын төмөнкү түрлөрүнө минималдуу чекене баалар киргизилет: – ТЭИ ТН 2402 коду менен классификацияланган чыпкалуу сигареттер жана чыпкасыз […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын ноябрынан тартып “Электрондук рейддик салык контролу” (Э-Рейд) системасын ишке киргизди. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Э-Рейд – борборлоштурулган жабык автоматташтырылган система, анда контролдук-рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө зарыл болгон маалыматтар базасы жайгаштырылган. Системада бардык жүргүзүлгөн рейддик контроль жана тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар сакталат, алардын негизинде рейддик текшерүүгө жаткан субъекттерди текшерүү […]Читать далее
Жаңы талаптарга ылайык, фискалдык модулдук функциясы жок контролдук-кассалык машиналарды 2022-жылдын 31-декабрына чейин гана колдонууга болорун Мамлекеттик салык кызматы эскертет. 2022-жылдын 1-майына чейин катталган жана колдонулуп жаткан ККМдин эски моделдери белгиленген техникалык талаптарга жооп бербегендиктен, аларды 2023-жылдын 1-январына чейин алмаштыруу (модернизациялоо) зарыл. 2023-жылдын 1-январынан тартып белгиленген техникалык талаптарга жооп бербеген ККМ салык органдары тарабынан мажбурлоо жолу менен […]Читать далее
Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 282,1 млрд сом өлчөмүндө бекитилди. Чыгымдар – 291,2 млрд сом. Ал эми тартыштык 9,1 миллиард сомду түзөт. Учурда 2022-жылга республикалык бюджетке тактоолор даярдалды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, республикалык бюджеттин кирешелери 272,0 млрд сом деңгээлинде же 10,1 млрд сомго кыскаруу менен болжолдонууда. Салыктык түшүүлөрдүн азайышынын негизги […]Читать далее
2022-жылдын январь-октябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы 165 млрд 869,1 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 48,9 млрд сомго көп. Анын ичинде 125 млрд 287,2 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 100% аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39 млрд 517 млн сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 146,1%). Камсыздардыруу төгүмдөрү […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 9 айында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 1 млрд 458,6 млн сом салык жыйнады. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 217,8 млн сомго көп, башкача айтканда жыйымдар 6 эсеге жогорулады. Ошондой эле бул салык салуу системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны өстү. Алсак, бүгүнкү күндө бирдиктүү салыктын […]Читать далее
Финансы Министрлигинин – “Микро, кичи жана орто ишканаларды пайызсыз ыкчам колдоо” долбоору иштеп жатат. Ал кайтарымдуулук негизде пайызсыз финансылык жардам көрсөтүүнү каржылоого багытталган. Быйыл Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы “Микро, кичи жана орто ишканаларды пайызсыз ыкчам колдоо” долбоорун каржылоо максатында 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндө келишимге кол коюлган. Ишкерлерди […]Читать далее