Былтыр салык декларациясын 530 миңден ашуун салык төлөөчү тапшырды

 Былтыр салык декларациясын 530 миңден ашуун салык төлөөчү тапшырды

2022-жылдын 1-августуна карата 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын 531 миң 918 салык төлөөчү тапшырды, анын ичинен 352 миң 548 декларация электрондук түрдө.

Декларацияны 54 миң 302 уюм, 201 миң 325 жеке ишкер, 168 миң 853 жеке жак, 48 миң 591 салык салынуучу кирешелери жок жеке жак тапшырды.

Ошондой эле 58 миң 847 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы декларацияны берди.

Эскерте кетсек, декларациялык кампания үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 1-мартына чейин юридикалык жактар жана 1-апрелине чейин жеке жактар, жеке ишкерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн өткөрүлдү.

Связанный пост