БУУ Кыргызстан демилгелеген Тоолорду туруктуу өнүктүрүү кеңешмесинин документин расмий тааныды

 БУУ Кыргызстан демилгелеген Тоолорду туруктуу өнүктүрүү кеңешмесинин документин расмий тааныды

БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргызстан демилгелеген Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешменин жыйынтыктоочу документин өзүнүн расмий документи деп жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдын 19-сентябрында Нью-Йорк шаарында Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешме болуп өткөн.

Бул иш-чара БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Кыргызстандын сунушу менен жарыяланган үстүбүздөгү Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылынын эң маанилүү окуяларынын бири болуп калды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобуна кирген мамлекеттер билдирүү кабыл алышты. Кыргызстандын өтүнүчү боюнча БУУнун Башкы ассамблеясы Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешменин жыйынтыктоочу документин өзүнүн расмий документи деп жарыялады.

Связанный пост