Бишкектен Гоага түз авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө

 Бишкектен Гоага түз авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө

Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Гоа-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдарды ачканы турат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Гоага түз учуулар биринчи жолу аткарылат.

Белгиленген багыт боюнча каттамдар ушул жылдын 20чы жана 28-декабрында аткарылары пландалууда.

Ошондой эле «Аэро Номад Эйрлайнс» 2023-жылдын январь айында дагы 3 авиакаттамды ишке ашырганы турат. Алар 5-13-21-январларда ишке аша тургандыгы күтүлүүдө.

Связанный пост