Бишкекте президенттин катышуусунда футбол боюнча “Мурас” достук турнири өтөт

 Бишкекте президенттин катышуусунда футбол боюнча “Мурас” достук турнири өтөт

31-майдан 1-июнга чейин президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча салтка айланган “Мурас” достук турнири өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Мелдешке 16 команда: «Президенттик команда», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар», «Ден соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт оюндары», «Журналисттер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес» жана «Элчилер» катышат.

Турнир борбор калаадагы «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде жана КФС Улуттук футбол академиясынын спорт комплексинде өтөт.

Бул турнирдин оюндары УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдары, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу түз көрсөтүлөт. Башталышы саат 09:30.

Связанный пост