Бишкекте көчөлөрдүн 11 бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүүдө
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын аймагындагы көчөлөрдүн 11 бөлүгүндөгү жолдорду жана тротуарларды активдүү оңдоодо. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун аймагында 4 көчө тилкесинде оңдоо иштери жүрүп жатат. Алсак, Республика көчөсүндө Чоң Чүй каналынан Березовая көчөсүнө чейин топуракты иштетүү, ирригациялык системаны орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Исанов көчөсү Щербаков көчөсүнөн Васильев көчөсүнө чейин топурак казуу, бордюрларды орнотуу иштери жүрүп жатат.
Республикалык оорукананын аймагында ирригациялык системаны орнотуу, Абдумомунов көчөсү Тыныстанов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин түштүк тарабынан тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, түндүк тарабындагы тилкеде капиталдык оңдоо иштери аяктады.
Ошондой эле буга чейин Манас проспектиси Фрунзе көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейин чыгыш тарабынан, Чүй проспектиси Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин түндүк тарабынан тротуарды капиталдык оңдоодон өттү.
Октябрь районунун аймагында 2 көчө тилкесинде оңдоо иштери уланууда.
Малдыбаев көчөсүнөн Саманчин көчөсүнө чыгуучу 9-кичи райондун ичиндеги жолду капиталдык оңдоо, ирригациялык системаны орнотуу жана топуракты пландаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, Манас айыл көчөсү боюнча тротуарды капиталдык оңдоо иштери аяктады, жакын арада унаа токтотуучу жайларга асфальт-бетон аралашмасын төшөө пландалууда. Буга чейин бригада Ахунбаев көчөсүнүн түштүк тарабын Байтик Баатыр көчөсүнөн Элебаев көчөсүнө чейинки тротуарды капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрдү.
Ленин районунун аймагында 3 көчө тилкесин оңдоо иштери жүрүп жатат. Ак-Марал көчөсү Чортеков көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейин бордюрларды орнотуу жана топуракты пландоо иштери жүргүзүлүп, Береговая көчөсү Жеңишке 50 жыл көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейин лотокторду орнотууга даярдыктар башталды. Щорсе көчөсү Д.Садырбаев көчөсүнөн Тыныбеков көчөсүнө чейин жол бордюрларын орнотуу иштери башталды.
Свердлов районунун аймагында 2 объектте иштер жүргүзүлөт. Жибек Жолу проспектисинде Лермонтов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин жолдун эки тарабындагы тротуарларды капиталдык оңдоо иштери башталды.
Ошондой эле Широкая көчөсүндө дарыядан Керамическая көчөсүнө чейин бордюр жана топуракты пландоо үчүн жолдун негизин даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.