Бишкек шаарынын жашоочусунун үйүнөн 40 тоннага жакын таштанды чыгарылды
Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн 40 тоннага жакын таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Муниципалитеттин маалымматына караганда, үйдүн ээси тиричилик таштандыларын көп убакыт сактап келген. Коңшулары адам чыдагыс жыт боюнча Свердлов райондук администрациясына кайрылышкан.
Маселени чечүү үчүн үйдүн ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок андан майнап чыккан эмес. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында жеринде комиссиялык чыгуу уюштурулду.
Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында жеринде комиссиялык чыгуу уюштурулду.
Жыйынтыгында шаардык кызматтар тарабынан Суворов көчөсүндөгү №77 жеке үйдүн аймагынан 40 тоннага жакын тиричилик таштандылары чыгарылды. Бул иштерге 5 бөлүм тартылды.