Бийлик өкүлдөрү Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушту

 Бийлик өкүлдөрү Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушту

Элет элинин көйгөйү менен жеринде таанышуу жана чечүү максатында, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушту.
Район аймактарынан чогулган тургундар жеке көйгөйлөрүн ооз эки жана жазуу түрүндө билдиришүүдө. Алар негизинен жеке бузулган укуктары, түрдүү адилетсиздиктер, социалдык көйгөйлөр, коррупциялык иштер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер тууралуу суроо-талаптарын узатышып, жетекчилик тарабынан тийиштүү жооп берилүүдө.
Башкы прокурор тарабынан айрым кайрылуулар жеринде чечилип, ал эми мөөнөт талап кылуучу арыз-даттанууларга кыска аралыкта мыйзам көрсөткөн чечүү убадасы берилди.
Жолугушууга Тогуз-Торо районунун 200дөн ашуун тургуну катышты.

Связанный пост