Беш айда 258 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Кыргызстанда өнөр жай боюнча 5 айдын жыйынтыгында өлкөдө 258 млрд сомго продукция өндүрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын башкы адиси Талантбек Карасартов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, былтыркыга салыштырмалуу өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн темпи 113,8 пайызга өстү.
“Биринчиден, фармацевтика тармагы 1,7 пайызга өсүү темпин көрсөттү. Экинчиден, тамак-аш азыктары 1,6 эсеге былтыркыга салыштырмалуу көп өндүрүлдү. Үчүнчүсү, жыгач жана кагаз чыгаруучу тармактар, төртүнчүсү курулуш материалдарын чыгаруучу тармак болуп эсептелинет”,- деди Карасартов.
Маалым болгондой, жыл башынан бери минкаб төрагасынын буйругунун негизинде жыл сайын 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү милдеттүү деп белгиленген. Жылдын башынан ишкерлер, жергиликтүү бийликтин, президенттин облустардагы өкүлдөрү менен биргеликте быйыл ишке берилүүчү 128 ишкананын тизмеси түзүлгөн. Кийинчерээк толукталып, 134 ишканага жеткен.
“Бул ишканалардын жалпы инвестициясы 1 млрд 700 млн АКШ долларын камтыйт. Ушул долбоорлордун алкагында 14 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт деп болжолдонууда. Бүгүнкү күнгө карата 4 ишкана ишке киргизилген. Бул 4 ишкананын жалпы инвестициялык көлөмү 30 млн АКШ долларын түзгөн. Мында 300дөн ашык жумушчу орундары түзүлдү. Бүгүнкү күндө президенттин катышуусу менен эки ири ишкана ишке берилди. Алар “Асылташ Керамикс” керамика плиткаларын жана керамогранит өндүрүүчү заводду жана “Кант” цемент заводунун жаңы линиясы”,- деди ал.
Булак “Кабар” агенттиги