Баткен облусунда 57 объектте курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө
Баткен облусунан 2025-жылга титулдук тизмеге кирип, республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу жалпы 57 объект каралган.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын ичинен:
- 34 мектеп;
- 5 спорт комплекс;
- 8 балдар бакчасы;
- 2 адмнистративдик имараттар;
- 4 саламаттыкты сактоо мекемеси;
- 2 маданият тармагы;
- 2 таза суу менен камсыздоо объектилери бар.
Алардын ичинен Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан быйылкы жылы жалпы 17 социалдык объекттин курулушун жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүү пландалган.
Курулушунун бүтүүсү пландалган 9 жаңы объект:
- Баткен шаарындагы облустук юстициянын административдик имараты;
- Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын административдик имараты;
- Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы 500 орундуу орто мектеп;
- Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылындагы 225 орундуу орто мектеп;
- Лейлек районунун Миң-Жыгач айылындагы 225 орундуу орто мектеп;
- Лейлек районунун Айкөл айылындагы 225 орундуу орто мектеп;
- Лейлек районунун Бешкент айылындагы 500 орундуу орто мектеп;
- Лейлек районунун Мурас айылындагы спорт комплекси;
- Баткен шаарындагы Россия Федерациясы тарабынан курулуучу мектептин инженердик курулмалары.
Мындан сырткары 8 объекттин капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлөт.
Жалпысынан 2025-жылдын 4 ай аралыгында курулуштарга 165 385,7 миң сом каржыланды.