«Баткен» бажысы 247 миң сомдук контрабандалык товарды алып кирүүгө бөгөт койду

 «Баткен» бажысы 247 миң сомдук контрабандалык товарды алып кирүүгө бөгөт койду

«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кадамжай шаарынын аймагындагы бажы эрежелерин бузуу фактыларына жана контрабандага бөгөт коюга жана аныктоого багытталган пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө, КР жараны «А.Б.Т.у.» башкаруусундагы «ДЭУ-Дамас» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.
Автотранспорт каражатынын салонунан текшерүү учурунда, ЕАЭБ бажы аймагында сатуу үчүн бажыга тиешелүү товар коштоочу документтери жок түрмөктөлгөн марли табылган.
Жүктүн жалпы салмагы 310 кг, ал эми кармалган жүктүн баасы 247 000 сомду түзгөн. Бул факты боюнча айып салынып, 60 000 сом өндүрүлгөн, 30 258 сом зыяндын орду толтурулган.

Связанный пост